Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору I окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында 2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ысык-Көл айланма жолук жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин тѳрагасы тарабынан демилгеленген.
Мыйзам долбоорун транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев тааныштырды.
Мыйзам долбоору Ысык-Көл айланма автожолунун узундугу 75,2 км түзгөн Барскоон-Каракол участогун реконструкциялоого, өлкөнүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган.
Жалпы каржылоо 137,04 млн долларды түзөт. Анын ичинен 87 млн доллары – насыя, 22,5 млн доллар – кайтарымсыз жардам. Министрлер кабинетинен кошо каржылоосу – 27,54 млн доллар. Кредиттин мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил – 8 жыл. Жеңилдетилген мезгилдеги пайыздык чен – 1%, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин пайыздык чен – 1,5%.
Талкуу учурунда депутаттар өлкөдө курулуп жаткан жолдор, аларды каржылоо жана курулуш иштери кайсы этапта жүрүп жатканына кызыгышып, айрымдары жол курулуш иштеринин сапатына көңүл буруу керектигин айтышты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.