ЖК комитети Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Февраль 2025 14:48
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бүгүн Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. 

Парламенттен билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев архитектура жана курулуш жаатындагы мыйзам актыларына көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.

Депутат Винера Раимбачаева аймактарда узак курулуп жаткан объекттердин бүтүшүнө көңүл бурууну суранды. 

Талкуунун жыйынтыгы боюнча комитет Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады.