Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бакай-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Анда маалымдалгандай, райондун экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү окуялардын бири төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишке киргизилиши болду. Долбоордун наркы 200 млн сомду түзөт.
Ишкананын ишмердүүлүгү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.