Садыр Жапаров Бакай-Ата районунун өнүгүүсү менен таанышты

Президент
877055509_1735302564236751_1310739805063263260_n.jpg
875310644_2060737771275160_8962842111583292976_n (1).jpg
886588726_2210381469885409_3106668524231638414_n.jpg
871000224_40781180844813906_7439922368502834980_n.jpg
871768882_1786974005870167_6739202361504053788_n.jpg
870308148_972489945456165_2744026606129396803_n.jpg
875310644_2060737771275160_8962842111583292976_n.jpg
Алдыга
Артка
877055509_1735302564236751_1310739805063263260_n.jpg
875310644_2060737771275160_8962842111583292976_n (1).jpg
886588726_2210381469885409_3106668524231638414_n.jpg
871000224_40781180844813906_7439922368502834980_n.jpg
871768882_1786974005870167_6739202361504053788_n.jpg
870308148_972489945456165_2744026606129396803_n.jpg
875310644_2060737771275160_8962842111583292976_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына Бакай-Ата районунда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы байкалып жатканы тууралуу маалымат берилди. Акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттин көлөмү, продукция өндүрүү жана инвестиция тартуу көрсөткүчтөрү өсүүдө.

Маалыматтарга ылайык, райондун мамлекеттик бюджетинин көлөмү 2021-жылы 76 945,1 болсо, 2025-жылы 178 592,0го жеткен. 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 184 276,4тү түзүп, көрсөтүлгөн мезгилдеги жалпы көлөмү 193 320,5 деңгээлинде чагылдырылган.

Өндүрүш тармагында да оң динамика байкалууда. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2021-жылдагы 15 494,5тен 2025-жылы 107 400,4кө чейин өскөн. 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч мурунку жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйүп, 112 673,2ге жеткен. 2026-жылдагы өндүрүштүн жалпы көлөмү 127 850,5ти түздү.

Инвестиция тармагында да олуттуу өсүш байкалууда. Эгерде 2021-жылы инвестициялардын көлөмү 430 320,3тү түзсө, 2025-жылы 750 527,2ге жеткен. 2026-жылдын тогуз айында инвестициялардын көлөмү 1 298 707,3тү түзүп, инфографикада чагылдырылган жалпы көрсөткүч 1 350 840,7ге жеткен.

Бакай-Ата районунда калктын жашоо шарттарын социалдык-экономикалык жактан жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Райондо 26 социалдык объект курулган, анын ичинде 5 мектеп, 5 бала бакча, 7 футбол талаасы, 4 спорт зал, ошондой эле 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) бар.

Бул долбоорлордун ишке ашырылышы райондун тургундары үчүн билим берүү, спорт жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Райондун экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү окуялардын бири төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишке киргизилиши болду. Долбоордун наркы 200 млн сомду түзөт.

Ишкананын ишмердүүлүгү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Инженердик жана жол инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 42,2 км автомобиль жолу асфальтталып, 9 айылды камтыган 163 км узундуктагы таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, 3 км тротуар курулган жана 55 км узундуктагы көчө жарыктандыруу системасы орнотулган.

Социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер райондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле бул райондо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу иштери уланууда. Алсак, райондо Жоломан Ата атындагы парк масштабдуу реконструкциядан өткөрүлдү. Долбоордун наркы 25 млн сомду түздү. Жаңылоо иштеринин алкагында парктын аймагы көрктөндүрүлүп, тургундардын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, балдар ойноочу жана спорттук аянтчалар жабдылды. Жаңыланган парк үй-бүлөлүк эс алуу жана калктын бош убактысын өткөрүүсү үчүн заманбап коомдук жайга айланды.

Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Райондо жалпы 275 окуучуга ылайыкталган беш мектептин, ошондой эле 140 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Бул долбоорлордун ишке ашырылышы билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, балдарды окутуу үчүн кошумча орундарды түзүүгө жана окуучулар менен тарбиялануучулар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.