Бакай-Атада 5 мектеп жана 2 бала бакча курулууда

Аймак
Бакай-Атада 5 мектеп жана 2 бала бакча курулууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бакай-Ата районунда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу иштери уланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Анда маалымдалгандай, райондо Жоломан ата атындагы парк масштабдуу реконструкциядан өткөрүлдү. Долбоордун наркы 25 млн сомду түздү. Жаңылоо иштеринин алкагында парктын аймагы көрктөндүрүлүп, тургундардын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, балдар ойноочу жана спорттук аянтчалар жабдылды. Жаңыланган парк үй-бүлөлүк эс алуу жана калктын бош убактысын өткөрүүсү үчүн заманбап коомдук жайга айланды.

Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Райондо жалпы 275 окуучуга ылайыкталган беш мектептин, ошондой эле 140 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Бул долбоорлордун ишке ашырылышы билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, балдарды окутуу үчүн кошумча орундарды түзүүгө жана окуучулар менен тарбиялануучулар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.