Бакай-Атада 42 чакырым жол асфальтталды

Аймак
Бакай-Атада 42 чакырым жол асфальтталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бакай-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, райондо инженердик жана жол инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 42,2 км автомобиль жолу асфальтталып, 9 айылды камтыган 163 км узундуктагы таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, 3 км тротуар курулган жана 55 км узундуктагы көчө жарыктандыруу системасы орнотулган.