Жергиликтүү бийлик аймакты бирөө келерде эле эмес, күндө тазалап турушу зарыл – президент

Президент Загрузка... 12 Апрель 2026 14:43

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушканда жергиликтүү жашоочу аймакка бат-баттан келип турууну суранды.

Ал өлкө башчысы келердин алдында райондо көп өзгөрүүлөр болгонун айтты.

Өз кезегинде Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик дагы деле илгеркидей адат менен бирөө келерде эле эмес, күн сайын тазалоо иштерин аткарышы керектигин белгиледи.