Жалган документ жасаган. 115 миң долларга жерди мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 10 Октябрь 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. УКМК тарабынан «К.KG» ЖЧКсынын директору Б.Б.Ж. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу боюнча жасалма документ жасап сатканы үчүн кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Б.Б.Ж. мурда калкка жер участокторун топографиялык съемкалоо боюнча кызмат көрсөтүп, бош жер тилкелеринин жайгашкан жерин билип туруп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун токой фондусунун 71 га өлчөмүндөгү жер тилкесин пайдалануу укугуна жалган күбөлүктөрдү мыйзамсыз жасап, андан кийин КР жараны Т.Б.га 115 миң АКШ долларга сатып жиберген.

Иликтөөнүн негизинде КР жараны Б.Б.Ж. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иындан улам УКМК жарандарды сак болууга жана ар кандай шылтоолор менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы жер тилкелерин, анын ичинде жерди пайдалануу укугун саткан абийирсиз адамдардын аракеттеринен алыс болууга чакырат.

"Эгерде кимдир бирөө алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерге туш болсо, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууну сунуштайбыз",-деп айтылат маалыматта.