Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Жерге жакындаган 40 миңге жакын астероид аныкталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясына караштуу Прикладдык астрономия институтунун улуу илимий кызматкери Николай Железнов РИА Новостиге билдирди.
Анын айтымында, жалпы Күн системасы боюнча бир миллиондон ашык астероид табылган. Алар ар кандай аймактарда жайгашканы менен негизги бөлүгү Башкы астероид алкагында — Марс менен Юпитер планеталарынын ортосунда топтолгон. Ошол эле учурда "Жерге жакындаган астероиддер" деп аталган өзүнчө топ бар. Учурда алардын саны 40 миңге чукул болуп, жаңы объектилерди аныктоо процесси ыкчам жүрүп жатат.
Окумуштуунун айтымында, бул астероиддердин көлөмү ар кандай келип, айрымдарынын диаметри бир чакырымдан да ашат. Алардын арасында кооптуу объектилер да бар. Мындай астероиддер Жерге 7,5 миллион чакырымдан ашык эмес аралыкка жакындаган же келечекте жакындай турган объектилер катары эсептелет. Маалыматтарга ылайык, диаметри 1 чакырымдан чоң болгон кооптуу астероиддердин саны 154тү түзөт.