Жерде 24-мартка чейин күчтүү магниттик бороондор болот

Дүйнө Загрузка... 20 Март 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-03-20 at 05.12.02.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.03.26 /Кабар/. Жер планетасында күчтүү магниттик бороондор 24-мартка чейин уланышы мүмкүн. Биринчи агымы күн мурун башталган. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясына таянып, Kazinform билдирди.

Адистердин айтымында, бул көрүнүш эки фактордун айкалышынан улам болууда. Алар - Күндөгү жарылуулардан кийин бөлүнүп чыккан плазманын Жерге түшүүсү жана Күндүн Жерге караган бетинде пайда болгон короналдык тешиктер.

Булар январь айынан берки эң күчтүү магниттик бороондор болуп саналат. Ал учурда геомагниттик активдүүлүк G4 деңгээлине чейин жеткен.

Анын эң күчтүү фазасы 19-21-марттарга туура келет. Бул күндөрү Жерге эң ири эки плазма агымы жетет. Ал эми 22-24-март аралыгында таасири бир аз алсырайт, бирок толук токтобойт. Жалпы узактыгы болжол менен алты күнгө созулат.

Магниттик бороондордун адамдын ден соолугуна таасири боюнча бирдиктүү пикир жок. Бирок дарыгерлер айрым адамдарда баш оору, кан басымдын жогорулашы, тынчсыздануу, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү, өнөкөт оорулардын күчөшү мүмкүн экенин белгилешет.

Эске салсак, 16-мартта Күндө катуу жарылуу болуп, анын плазмасы Жер тарапка багытталган. Бул азыркы геомагниттик абалдын негизги себептеринин бири болууда.