Жээнбек Кулубаев Швейцариядагы жардыруудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты — Кабар

Жээнбек Кулубаев Швейцариядагы жардыруудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Дүйнө 1 январь 2026 22:39
IMG_0199.png
IMG_0198.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0199.png
IMG_0198.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.01.2026. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассиске Швейцариядагы лыжа базасында болгон жардыруудан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

ТИМден билдиришкендей, көңүл айтуу катында министр 2026-жылдын 1-январында Кран-Монтана шаарындагы лыжа базасында болгон каргашалуу жарылуунун кесепетинен өрт чыгып, адамдардын каза болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан бул кайгылуу окуядан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада жана толук сакайып кетишин каалайм», — деген Кулубаев.