Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн негизги этабы аяктады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинде ЖМК өкүлдөрүнө билдирди.
Анын айтымында, министрлер кеңешинин бул жыйыны Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн акыркы этабы болду. Быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 25 жыл толуп, уюм аймактык демилгеден дүйнөдөгү ири эл аралык бирикмелердин бирине айланды.
“Чейрек кылым ичинде ШКУ дүйнө калкынын олуттуу бөлүгүн бириктирген, ири экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон маанилүү эл аралык уюмга айланды.
Жыйында коопсуздук, соода-экономикалык байланыштар, транспорттук-логистикалык кызматташтык, энергетика, санариптик өнүгүү жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Бүгүнкү күндө дүйнө татаал мезгилди баштан кечирип жаткандыктан, геосаясий чыңалуу күчөп, жаңы коопсуздук чакырыктары жаралууда. Мындай шартта ШКУ мамлекеттеринин биргелешкен аракеттерин күчөтүү маанилүү.
Бишкекте өтө турган саммиттин алкагында “ШКУ+” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Бул формат ШКУнун кызыкдар өнөктөштөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле терроризм, экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана киберкылмыштуулук сыяктуу коркунучтарга каршы күрөштө биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарыл. Андан сырткары, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү демилгеси биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык жана транспорттук долбоорлорду колдоого багытталган маанилүү каржылык механизм боло алат. Бишкек саммитинде ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы жана уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган бир катар документтер кабыл алынат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Жээнбек Кулубаев.