Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа иштери 80 пайыздан ашык аткарылды. Айыл чарба министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 562,1 миң гектар аянтка себүү жана айдоо иштери жүргүзүлдү. Быйыл дан эгиндерине, жашылчаларга жана тоют культураларга негизги көңүл бурулууда. Айтоор, калк арасында суроо-талапка ээ болгон өсүмдүктөрдүн бардыгы камтылды. Өзүбүз өндүрүп, кампаларды толтурсак импортко көз каранды болбой, калкты арзан продукция менен камсыз кылууга жетишебиз.
Эксперттер белгилегендей, быйыл стратегиялык маанидеги айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө бөлүнгөн аянттар көбөйтүлдү. Буудай, арпа, картошка, жашылча, коон-дарбыз, кант кызылчасы көбүрөөк айдалды. Дыйкандар арзандатылган баада дизель майы менен толук камсыз болуп, эң негизгиси - сугат суу өз убагында берилип жатат. Эрте жазда арыктарды тазалоо, суу сактагычтарды жана бөлүштүрүүчү агрегаттарды бекемдөө, катуу агымдын көзөмөлгө алынышы сугат мезгилин тоскоолдуксуз өткөрүүгө шарт түзөт деп эсептешет адистер.

Айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиев азыр түз маанисинде да, каймана мааниде да дыйкандар үчүн түйшүк мезгил башталып жатканын айтат.
«Жалпысынан эгүү өнөктүгүн ийгиликтүү аяктай тургандай сезилип турат. Мындан ары бардык себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суусу, органикалык жана минералдык жер семирткичтер, зыянкечтерге жана илдеттерге каршы каражаттар, тийиштүү техникалар, жеңилдетилген насыялар жана арзан күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуу милдети турат», - деп белгилейт Жамин Акималиев.
Азык-түлүк коопсуздугу жагынан Кыргызстанда да акыркы бир нече жылда абал кескин өзгөрдү. Бүгүнкү күндө республика негизги продукциянын 5 түрү боюнча ички керектөөлөрүн толук канааттандырат. Ата мекендик өндүрүш импортко көз карандылыкты азайтат жана жашылча-мөмөлөрдү өлкөнүн тургундары үчүн жеткиликтүү кылат. Бул дагы социалдык туруктуулуктун жана стабилдүүлүктүн маанилүү фактору.
«Белгилей кетчү нерсе, азыркы жазгы талаа жумуштары өткөн жылга салыштырмалуу тез темп менен жүрүп, айрым жерлерде бүткөрүлүүдө, буга эрте жаз гана эмес, айдап себүү өнөктүгү да шарт түздү. Чүй өрөөнүндө жазгы талаа иштери аяктап, республиканын түштүгүндө эрте бышкан жашылчалар, өрүктүн эрте бышкан сорту сатыла баштады. Эми бул эки аймакта пахта жана кант кызылчасын эгүүнү аягына чыгарыш керек.

Талас өрөөнүндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Эми кезек Ысык-Көл жана Нарын облустарына келди. Ысык-Көлдун аймагында негизги айыл чарба өсүмдүгү мурдагыдай эле картошка болуп калууга тийиш. Бүгүнкү күндө өстүрүлгөн продукцияны сатып алууда ашыкча тынчсыздануунун кереги жок, анткени биздин жакынкы коңшуларыбыз, өзгөчө Өзбекстан, Кемин өрөөнүнүн, Нарын облусунун тоолуу шартында, ошондой эле Ысык-Көлдө өстүрүлгөн жогорку сапаттагы картошкабызга кызыгып калышты. Биздин продукцияны сатуу баасы дыйкандарды толук канааттандырат деп ойлойм. Ал эми Нарын районуна келсек, тоют өсүмдүктөрү: арпа, беде жана эспарцет айдоого абдан көңүл буруу керек. Себеби, жеке менчик малдын бардык түрүн, өзгөчө жылкы менен бодо малдын санын бир топ көбөйүшү бийик тоолуу жайыттарыбызды талкалап жатат. Мына ушуга байланыштуу өрөөндүн зонасында талаада тоют өндүрүүнү өнүктүрүү зарылчылыгы бар”,-дейт академик.
Жазгы талаа иштеринин активдүү жүрүшүү жана эгин аянттарынын кеңейиши Кыргызстандын өсүп жаткан экономикасына олуттуу колдоо көрсөтүп, социалдык туруктуулуктун кошумча фактору болот. “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров айыл чарбасындагы дүң продукциянын өсүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна жүгөрү, картошка жана жашылчаларды экспорттоо көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүп жатканын билдирди. Ошону менен бирге Кыргызстан бир катар негизги продукциялар боюнча ички рыноктогу азык-түлүк коопсуздук маселесин толугу менен жапты.
"Буудай себүү иштери 95% жетип аягына чыгып калды. Бул нан жана ун менен камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү. Айрыкча Россиядан жана Казакстандан керектүү көлөмдү алып келүүдө белгисиздик жана кечигүүлөр болуп турганда. Ал эми картошка, жашылча, коон-дарбыз эгүүнү көбөйтүү коңшулардан көз карандылыкты азайтат. Бул негизги азык-түлүк товарларына болгон баалардын туруктуулугунда чоң роль ойнойт. Өз кезегинде керектөө бааларына басымды азайтат, башкача айтканда, өлкөдөгү инфляцияны төмөндөтөт. Бул картошканын, жашылчанын жана башкалардын баасынын туруктуулугунун шартында абдан маанилүү. Себеби булар керектөө куржунуна киргизилген товарлардын тизмесинде турушат. Өлкө ичинде айыл аймактары үчүн маанилүү болгон тармагында жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Акыркы мезгилде айыл чарба жаңы технологиялары колдонулуп жатканын көрүп жатабыз. Айрым талаа процесстерине санариптештирүү жана автоматташтыруу киргизилүүдө. Бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, сууну жана жер семирткичтерди үнөмдөө үчүн абдан маанилүү. Айыл чарба жумуштарын пландаштыруу учун так цифраларды алабыз. Бул стратегиялык туруктуулук, башкача айтканда, кайра иштетүү өнөр жайын - кант заводдорун, май заводдорун өнүктүрүүгө түрткү берип, кант кызылчасынын жана май өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйтүлөт. Ал эми бул өз кезегинде экспорт учурунда кошумча нарк болуп саналат. Импортту алмаштыруунун натыйжасы - бул азык-түлүк боюнча көз карандысыздыкты колдоо. Бул биздин экономикага мультипликативдик таасирин тийгизет”,-дейт Төлөнбек Абдыров.
Кыргызстандын айыл чарба министрлиги белгилегендей, учурда эгин себүүнү өз убагында жана сапаттуу аяктоо үчүн бардык зарыл болгон агротехникалык чаралар көрүлүүдө. Иш дайыма көзөмөлгө алынып, заманбап технологияларды ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.