Жайыл районунда 150 миң сом пара талап кылган тергөөчү кармалды

Укук тартиби 15 январь 2026 16:12
617686934_1386925876548561_3510450465042333819_n.jpg
615826912_1386925863215229_4208403366750540812_n.jpg
616079859_1386925873215228_5043768813733579846_n.jpg
616182776_1386925926548556_6557805119848036734_n.jpg
616362953_1386925663215249_4572081667710336805_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин опузалап акча талап кылуу аракети токтотулду.

УКМКдан билдиришкендей, 13-январда Жайыл РИИБдин тергөөчүсү Ж.А.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 150 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.