Жаңы Зеландияда 6,8 баллга жеткен зилзала болду

Дүйнө 25 март 2025 16:16
Жаңы Зеландияда 6,8 баллга жеткен зилзала болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Жаңы Зеландияда 6,8 баллга жеткен зилзала болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.

GeoNet геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, күчү 6,8 баллдык жер титирөөнүн очогу Снэрс аралынын түндүк-батышынан 155 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсүнүн кесепетинен жабыркагандар жана материалдык чыгым тарткандар тууралуу маалымат айтыла элек.