Ташкент, 11.09.25. /Кабар/. Ташкенттен Ланьчжоу шаарына биринчи контейнердик поезд «Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай» жаңы мультимодалдык маршруту менен жөнөтүлдү, деп билдирет өлкөнүн темир жол компаниясынын медиа борбору.
Ушул окуяга арналган аземде маршрут Кашгар аркылуу өтүп, Ганьсу провинциясына түз темир жол байланышын камсыз кылары, ошондой эле Өзбекстанда Кытайдын Gansu International Logistics Group Co. Ltd. компаниясынын жаңы логистикалык базасынын ишке киргени жарыяланды.
Долбоордун ишке ашырылышы Өзбекстан менен аймактын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө, жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга жана Ганьсу – Кашгар – Борбор Азия багытындагы жүк ташуунун туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөөрү айтылды.
Адистердин баамында, жаңы маршрут Борбор Азия менен Кытайды байланыштырган транспорттук коридорлорду кеңейтүүнүн маанилүү орунга ээ болуп, өлкөлөр арасындагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө салмактуу салым кошот.