Жаңы алынган учактар, жаңыланган аэропорттор. "Кыргызстан аэропорттору" ААК өнүгүү жолунда

Аналитика Загрузка... 14 Август 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун өздүк каражатына сатып алынган үчүнчү учак бир айдын ичинде Кыргызстанга келет. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалымдалгандай, учак Кыргызстандын аба ырайына, климаттык шарттарына ылайыкташтырылып толугу менен даяр, документтерге кол коюлгандан кийин өлкөгө учуп келет.

Ал эми бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII кыргыз-россия экономикалык форумунун алкагында кийинки эл аралык каттам үчүн заманбап учактарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул боюнча "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 16.59.10.jpeg

Анын маалыматына караганда, келишим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы, "Элдик Банк" ААК жана "Кыргызстан аэропорттору" ААК ортосунда түзүлдү.

"Документ тараптардын Airbus A320/A321 же Boeing 737NG тибиндеги заманбап эки жүргүнчү учагын алуу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу ниетин бекемдейт. Бул кадам улуттук авиациянын өнүгүшүнө жана учуу географиясынын кеңейишине чоң түрткү болот. Биз бул долбоорду ишке ашыруу менен авиакаттамдардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүп, биздин жарандар үчүн учуулардын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп ишенебиз. Бул Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын чыңдоого маанилүү салым болуп саналат", - деп жазды Самидинов.

Акыркы жылдары өлкөдөгү аба майдандары оңдолуп, аймактарга жаңы аэропорттор курулууда. Ал гана эмес "Кыргызстан аэропорттору" ААК өз каражатынын эсебинен учактарды сатып алууга жетишти.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 16.57.22 (1).jpeg

Белгилүү болгондой, биринчи жолу 2024-жылдын сентябрында Asman Airlines авиакомпаниясына Bombardier Dash 8 Q400 учагы сатылып алынган. Ал эми кийинки сатып алынган Dash 8 Q400 моделиндеги экинчи учак ошол эле жылдын октябрь айында аба майданга келип конгон. Учурда бул эки учак ички каттамдарды аткарууда.

Учактарды сатып алуу менен ички каттамдар көбөйүүдө. "Манас" эл аралык аэропорту үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан тарта Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкектен Нарынга түз аба каттамдарын ачыларын кабарлаган. Бишкек - Нарын каттамы 40 мүнөткө созулуп, билет баасы 2 100 сомдон башталат. Белгилүү болгондой, "Нарын" аэропорту реконструкциядан кийин 9-августта биринчи техникалык учууну кабыл алган.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 17.44.02.jpeg

Өлкө ичинде жүргүнчүлөр үчүн коопсуз, ыңгайлуу каттамдарды уюштуруу, ички туризмди жана региондорду өнүктүрүү максатында аймактык макамдагы аэропорттор оңдолуп ишке кирүүдө.

Күн мурун Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабында, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймагында жайгашкан "Казарман" аэропорту модернизациялоодон кийин ишин жандантып, учурда каттамдарды кабыл алууга даяр. Инфраструктурасы жаңыланып, узундугу 1 840 метр болгон учуп-конуу тилкеси, буруучу жолчосу, унаа токтотуучу жайлары жана аэробекети оңдолду.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 17.46.20.jpeg

Бул аэропорттун тарыхына кайрылсак, 1940-жылдары башталган, имараты жана учуу тилкеси 1985-жылы курулган. Ар кайсы жылдары бул аймактан Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып келген. 20 жылдан ашык убакытка созулган узак тыныгуудан кийин аэропортко алгачкы техникалык рейс жасалды.

Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропорттору" ААКка өлкө аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ аэропорттор.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 27-январынан тартып "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын аталышы "Кыргызстан аэропорттору" ААК болуп расмий өзгөргөн. Ишкананын директору мындай өзгөртүүнү өлкөнүн бардык аэрпортторун бир бренддин алдына бириктирип, өнүгүүнүн стратегиялык багыты катары түшүндүрдү.

Ошондой эле 11-августа “Манас” эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун FRU`дан BSZ`ге өзгөрткөн. Жаңы код айрым авиакомпаниялардын учакка отургузуу талондорунда көрсөтүлөт. Маалымдалгандай, кодду өзгөртүү чечими Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын талабына ылайык кабыл алынган.

Быйыл "Манас" эл аралык аэропорту түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи. 1975-жылдын 4-майынан тартып аэропорттун учуу тарыхы башталган. Дал ушул күн Кыргызстандын аба мейкиндигинин расмий туулган күнү деп эсептелет. Жарым кылым ичинде "Манас" аэропорту Борбор Азиядагы көрүнүктүү аба майдандарынын бирине айланууга жетишти. Бүгүнкү күндө "Манас" жөн гана учактар учуп келип, учуп кете турган жай эмес, бул ички каттамдарды, аймактык инфраструктураны жана эл аралык байланыштарды өнүктүргөн динамикалык комплекс болуп саналат.