Жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын өлүмүнүн экинчи себеби болуп саналат

Ден соолук Загрузка... 05 Февраль 2025 15:49
Privivka_ot_VPCh.2e16d0ba.fill-800x500.png
copyright icon www

Бишкек,05.02.25./Кабар/. Жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын өлүмүнүн экинчи себеби болуп саналат.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришкендей, бул биздин өлкөдө аялдар арасында рак оорусунун эң кеңири тараган түрү.

"Рактын бул түрүнүн негизги себеби адамдын папиллома вирусу. Бул вируска каршы вакциналар 15 жылдан ашык убакыт мурун иштелип чыккан жана азыр бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азия, Кавказ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кеңири колдонулууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда папилломавирусуна каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11 жаштагы кыздар арасында жүргүзүлөт. Эмдөө жалпы билим берүүчү мектептерде график боюнча бекер жүргүзүлөт, эгерде кыз бала кандайдыр бир себептер менен эмдөөдөн өтпөй калса, анда жашаган жери боюнча ҮДТ же ФАПтан алса болот.

"Жатын моюнчасынын рагынынын алдын алуу жана кыздарыбызды коргоо - бул биз өлкө катары адамдын папиллома вирусуна вакцинациясына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен аткара ала турган маанилүү милдет. Келгиле, балдарыбызды биргелешип коргойлу", - деп айтылат Республикалык борбордун билдирүүсүндө.