Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Жашы жете электердин жыныстык эркиндигине жана кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар коом үчүн эң оор жана кооптуу укук бузуулардын бири болуп саналат.
Мындай кылмыштар балдардын ден соолугуна, психологиялык абалына жана келечектеги толук кандуу өнүгүүсүнө орду толгус зыян келтирет. Ошондуктан бул багыттагы мыйзамдык чараларды күчөтүү жана алдын алуу иштерин системалуу жүргүзүү бүгүнкү күндүн маанилүү маселелеринин бири.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Аскар Нурдиновдун айтымында, кылмыштардын бул категориясы мамлекет менен коомдун өзгөчө көңүл буруусун талап кылат.
КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар өзгөчө оор кылмыштардын катарына киргизилген. Мыйзамда кылмыштын курамына жана жабырлануучунун жаш курагына жараша 16 же 18 жашка чыга элек адамдардын укуктары өзгөчө коргоого алынган. Бул кылмыштар үчүн беш жылдан тартып өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейинки жаза каралган.
Мыйзамдарды өркүндөтүү алкагында 2024-жылдын 11-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган 60 жаштан жогорку эркектерге да өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын дайындоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошол эле учурда жоопкерчиликти күчөтүү менен гана чектелбестен, мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү зарыл. Прокурордун жардамчысы белгилегендей, бул багытта жашы жете электер арасында укук бузуулардын себептерин азайтууга багытталган жаңы ыкмалар, анын ичинде "жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу акыл-эс жетилбегендик" түшүнүгүн киргизүү жана реабилитация менен профилактика жаатындагы эл аралык тажрыйбаны колдонуу маселелери талкууланууда.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, ошондой эле инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына кол салуу фактылары боюнча КР Жазык-процесстик кодексинин 148-беренесинин негизинде 73 материал катталган. Алардын ичинен 19 материал башка мамлекеттик органдардан келип түшкөн. Жалпы 15 материал боюнча кылмыш иши козголуп, 58 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында Биринчи май районунун прокуратурасы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте координациялык жолугушууларды жана профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринде педагогдордун катышуусунда окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн укуктук түшүндүрүү иштери уюштурулуп, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилүүдө.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу – укук коргоо органдарынын гана эмес, ар бир ата-эненин, мугалимдин жана жалпы коомчулуктун жоопкерчилиги. Мыйзам талаптарын так сактоо, укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана алдын алуу иштерин күчөтүү аркылуу гана жаш муунду кылмыштуу аракеттерден коргоп, алардын коопсуз келечегин камсыз кылууга болот.