ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу – ар бир жарандын жоопкерчилиги

Коом Загрузка... 07 Апрель 2026 10:22
1669618119_14982417_125_0_1192_800_1920x0_80_0_0_19faf6f1440b16792ceb3e5ef5e6150a-1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды үй-бүлө ичиндеги зомбулукка кайдыгер карабоого чакырат.

Министрлик үй-бүлөлүк зомбулук – бул чыр-чатак же жеке маселе эмес, үй-бүлөнү бузган олуттуу көйгөй экенин эскертет. Мындай көрүнүштөр аялдардын, балдардын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат.

Ведомстводон билдиришкендей, зомбулуктун алдын алуу максатында ички иштер органдары тарабынан профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Анын алкагында жарандар менен түшүндүрүү иштери уюштурулуп, мыйзам талаптары жана жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилүүдө.

“Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатса, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө же кыска 102 номерине кайрылууңуз зарыл. Ар бир кайрылуу сөзсүз түрдө каралып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп белгилейт министрлик.