Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бишкектеги "Жаштык" аренасында спорттун волейбол түрү боюнча жолдоштук беттештер өтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Кыргызстандын Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков билдирди.
Анын айтымында, аталган жолдоштук беттештер район, облус аралык деңгээлде өтүп, учурда үчүнчү оюн өтүүдө.
"Азыр бул жерде өлкөнүн 4 району жана 2 облусунун өкүлдөрү ойноп, акыркы үчүнчү оюнду өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү жолдоштук беттештер волейбол күйөрмандарынын райондук, облустук деңгээлде таймаштарды өткөрүү суроо-талабынын негизинде өтүп жатат. Биринчи оюнда Кара-Суу району менен Кара-Кулжа району, экинчи оюнда Өзгөн менен Ноокат районунун спортчулары ойноду. Ал эми азыр үчүнчү оюнда Баткен менен Жалал-Абад облусунун спортчулары беттешип жатышат. Башка облустардан да волейбол беттештерине катышуу ниеттерин билдиришсе, өткөрүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди ал.
Ошондой эле ал эгер суроо-талап болсо, 2–3 айда бир волейбол боюнча жолдоштук беттештерди өткөрүп туруу пландалып жаткандыгы кошумчаланды.