Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. 9-11-октябрь күндөрү Ош шаарында эркектер жана кыз-келиндер командалары арасында волейбол боюнча Кыргызстандын XVIII чемпионатынын жыйынтыктоочу III туру өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул турда кыз-келиндер арасынан "Бишкек", "Салам-Алик", "Дордой", "Ош", ал эми эркектер арасынан "СКА МО", "ВВ МВД", "Кара-Суу" жана "Бек. Жалалабат" клубдары күч сынашты.
Айлампа оюндарынын жыйынтыгында кыз-келиндер арасында "Ош" клубу чемпиондук титулды багындырса, "Дордой" экинчи, "Салам-Алик" үчүнчү орунга ээ болду.
Эркектердин беттешүүсүндө "Бек. Жалалабат" клубу жеңүүчү аталып, "Кара-Суу" экинчи, "ВВ МВД" курамасы үчүнчү орунду камсыздады.
Мелдештердин соңунда салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.