Жаш окумуштуулардын кыргыз иденттүүлүгү жөнүндөгү кереге кеңеши өтүүдө

Коом Загрузка... 24 Июнь 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Жаңы доордогу кыргыз иденттүүлүгү: жаш окумуштуулардын илимий көз карашы кереге кеңеши өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Медер Алиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова, окумуштуулар жана жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер катышып жатат.

Анда кереге кеңештин ачылышын жасаган Лира Сулайманова бүгүнкү күндөгү коомдун жана өлкөнүн өнүгүшүндөгү жаш окумуштуулардын ордун белгиледи.

Анын айтымында, глобалдашуу доорунун шартында өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү, маданиятыбызды, тарыхыбызды жана тилибизди сактап калуу биздин негизги милдетибиз.

“Улуттук иденттүүлүк бул өткөн чактын гана энчиси эмес. Ал бүгүнкү заманбап илимдин, инновациянын, келечекти көздөгөн улуу умтулуунун негизги өзөгү. Аны силердей, жаш окумуштуулар калыптандырып, жаңы технологиялар менен айкалыштырышы керек. Силер интеллектуалдык элита жана өлкөнүн келечегисиңер”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле тарых илимдеринин доктору, окумуштуу Сулайман Кайыпов кыргыз эли бирдей позицияда болуп, бирдей көз карашты карманышы керек деген пикирин билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-24 at 15.37.08.jpeg
“Уңгу бул өзөк деген сөз болсо, жол — мезгил менен мейкиндикти бириктирип турат. Бул эки сөз бириктирилип, жаңы термин кабыл алынган. Андыктан, буга байланышкан ар бир иш-чара бизди бир кадам алдыга жылдырышы керек. Коом менен эл, бийлик менен эл бир уңгу жолго түшүп, ырашкерликке барышы керек”,-деп белгиледи ал.

Алдыда ал жаш окумуштуулардын баяндамалары менен уланат. Жаңы идеялардын сунушталышы, тажрыйба алмашуулар күтүлүүдө.

Кереге кеңеш президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу жарлыгынын алкагында ишке ашырылып, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Жогорку жаш окумуштуулар кеңеши жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы тарабынан ишке ашырылууда.