Жасалма жол менен төрөлгөн балдар мектепте кандай окушат? Изилдөө

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2026 14:30
4504.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) жана башка жасалма жол менен төрөлгөн балдар мектепте кадимки жол менен төрөлгөн курдаштарынан кем калышпай, абдан жакшы окушат. Бул тууралуу Швецияда жүргүзүлгөн эң ири илимий изилдөөдөн кийин белгилүү болгонун АЗЕРТАЖ жазды.

Гётеборг университетинин жана Сальгренска ооруканасынын окумуштуулары 1987-жылдан 2001-жылга чейин ЭКО жолу менен төрөлгөн 15,6 миңден ашык баланын сабакка жетишүүсүн кадимки жол менен төрөлгөн 1,4 миллиондон ашык баланын көрсөткүчтөрү менен салыштырып чыгышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында ЭКО процедурасы баланын акыл-эсинин өсүшүнө же мектептеги ийгиликтерине эч кандай терс таасирин тийгизбей турганы белгилүү болгон.

Башында ЭКО менен төрөлгөн балдардын баалары бир аз жогору болгон. Бирок илимпоздор ата-эненин билимин, үй-бүлөнүн кирешесин жана эненин жашын эске алганда, айырма жоголуп кеткен. Бул баланын жакшы окуусу анын кантип боюна бүткөнүнөн эмес, үй-бүлөдөгү шарттан көз каранды экенин далилдейт.

ЭКОдо баланын эрте төрөлүп калуу же салмагынын аз болуу коркунучу бир аз жогору болгону менен, узак мөөнөттүү келечекте алардын ден соолугу башка балдардан эч айырмаланбайт.

Окумуштуулардын айтымында, бул жаңылык тукумсуздуктан дарыланып жаткан жана ЭКО аркылуу балалуу болууну пландап жаткан миңдеген үй-бүлөлөр үчүн чоң дем-күч жана үмүт берет. Белгилей кетсек, Швецияда жыл сайын 5,5 миңге жакын бала ушул ыкма менен жарыкка келет.