Бишкек, 08.02.26. /Кабар/. Америкалык технологиялык Amazon компаниясынын акциялары кварталдык отчет жарыялангандан кийин кескин төмөндөп кетти.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, 5-февралда NASDAQ биржасындагы кечки соода учурунда компаниянын котировкалары бир маалда 10%га чейин түшүп, бирок негизги сессиянын жабылышында төмөндөө 4,4%ды түздү.
Ошол эле учурда, финансылык көрсөткүчтөр жалпысынан рыноктун күтүүлөрүнө шайкеш келди. Компаниянын кирешеси 14%га өсүп, 213,4 млрд долларга жетсе, таза пайдасы 21,2 млрд долларды түздү.
Акциялардын баасына басым жасаган негизги фактор — жасалма интеллектке ири көлөмдөгү каражаттарды жумшоо пландары болду. Кеп чиптерди, жабдууларды сатып алуу жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун куруу жөнүндө болуп жатат. Инвесторлор мындай ири чыгымдар өзүн актабай калышы мүмкүн жана узак мөөнөттүү келечекте да күтүлгөн кирешелүүлүктү камсыз кылбайт деп кооптонушууда.
Компаниянын пландарына ылайык, 2026-жылы инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 200 млрд долларды түзүшү мүмкүн. Каражаттын бир бөлүгү SpaceX компаниясынын Starlink тутумуна атаандаш түзүү үчүн спутниктерди учурууга жумшалат, бирок инвестициянын негизги бөлүгү так ушул ЖИ чөйрөсүндөгү долбоорлорго багытталат.
Amazon компаниясынын башкы директору Энди Джесси аналитиктер менен болгон маегинде, компания рынокто алдыңкы позицияларды ээлөө максатында жасалма интеллектке мындан ары да жигердүү инвестиция салууну көздөп жатканын билдирди. Бирок инвесторлордун реакциясы тескерисинче болду: рынокто ЖИ багытындагы мындай ири жарыш жетиштүү пайда алып келерине болгон күмөн саноолор күчөдү.
Буга чейин ушундай эле жагдай башка технологиялык компанияларда да байкалган. Жасалма интеллектке чыгымдардын өскөнү тууралуу отчеттордон кийин Microsoft жана Alphabet компанияларынын акциялары да байкаларлык төмөндөгөн, ал эми Microsoft үчүн бул төмөндөө компаниянын тарыхындагы эң ири көрсөткүчтөрдүн бири болуп калды.