Жасалма интеллект-2030: Өзбекстан санариптик экспортту $1,5 млрд жеткирүүнү көздөйт

Борбор Азия Загрузка... 27 Апрель 2026 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Жасалма интеллектти жана санариптештирүүнү жайылтуудагы Өзбекстандын негизги максаты — адамдардын жашоосун жеңилдетүү жана калктын кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Бул тууралуу Өзбекстандын маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана коммуникациялар министринин орун басары Жамол Махсудов Бишкекте өткөн жасалма интеллект боюнча форумдагы баяндамасында билдирди.

Өзбекстандын маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана коммуникациялар министрлиги тарабынан сунушталган бул презентация өлкөнүн 2030-жылга чейинки жасалма интеллектти өнүктүрүү стратегиясын жана санариптик келечегин камтыйт.

Стратегиялык пландарга ылайык, 2030-жылга чейин программалык продуктулардын жана жасалма интеллект кызматтарынын экспортун 1,5 млрд АКШ долларына жеткирүү, бул тармакта 300 миң квалификациялуу адисти даярдоо максаты коюлган.

Андан тышкары, Өзбекстан "Government AI Readiness Index" рейтингинде дүйнөдөгү алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кирүүнү максат кылып жатканын Жамол Махсудов өз сөзүндө маалымдады.

“Бүгүнкү күндө бул багытта практикалык кадамдар ташталып, 90 министрлик менен мекемеде жасалма интеллект боюнча атайын кеңешчилер дайындалып, 3 миңден ашуун кызматкер тиешелүү окуулардан өтүштү. Санариптик инфраструктураны бекемдөө максатында 2025-жылдан баштап кичи жана ири суперкомпьютерлерди ишке киргизүү пландалган. Жасалма интеллекттин практикалык натыйжалары медицина жана айыл чарба тармактарында ачык көрүнүп турат. Мисалы, медицинада оорулардын алдын ала аныктоочу санариптик жардамчылар жана рак оорусун эрте баскычта аныктоочу системалар ишке киргизилүүдө. Ал эми агрочөйрөдө аэрокосмостук мониторинг аркылуу түшүмдүүлүктү так болжолдоо жана жайыттардын абалына талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн”,- деди Махсудов.

Ал ошондой эле бул комплекстүү иш-аракеттер өлкөнү глобалдык жасалма интеллект экосистемасына интеграциялоого жана мамлекеттик кызматтарды интеллектуалдык деңгээлге көтөрүүгө багытталганын кошумчалады.