Жарым жылдын жыйынтыгы: Кайсы азык-түлүк менен өзүбүздү камсыздап жатабыз?

Экономика 9 сентябрь 2026 10:48
Жарым жылдын жыйынтыгы: Кайсы азык-түлүк менен өзүбүздү камсыздап жатабыз?
copyright icon Www

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. 2026-жылдын январь–июнь айларында калктын 9 социалдык маанилүү азык-түлүк менен камсыз болушу жогорулады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Анда белгиленгендей, 6 айдын жыйынтыгы боюнча айрым азык-түлүк түрлөрү боюнча өлкөдө өндүрүш жетиштүү деңгээлге жетти. Мисалы, картошка менен камсыздоо 198,9 пайызды, жашылча жана коон-дарбыз 247,2 пайызды, сүт жана сүт азыктары 124,1 пайызды түздү.

Ал эми эт 82,1 пайыз, жумуртка 79,8 пайыз, кумшекер 72,6 пайыз, өсүмдүк майы 53,6 пайыз, нан азыктары 77,4 пайыз, мөмө-жемиштер 15,6 пайыз деңгээлинде камсыздалууда.

Алдынкы жылдары ички өндүрүшү жетишсиз болгон азык-түлүк түрлөрүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Бул үчүн буудай жана май өсүмдүктөрүн көбүрөөк өстүрүү, сапаттуу үрөн жана асыл тукум мал менен камсыз кылуу, тоют базасын жакшыртуу, сугат иштерин кеңейтүү жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле эт, сүт, мөмө-жемиш жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү күчөтүлөт.