Кыргызстандын эң чоң байлыктарынын бири - анын кооз жаратылышы. Өзгөчө Ысык-Көл – уникалдуу экосистемага ээ туристтик аймак. Бирок, акыркы жылдары көл жээгин ээлеген таштанды маселеси, суу техникаларын колдонуу, автоунаалар менен жээкке кирүү көрүнүшү күчөп, экологиялык коопсуздукка чоң коркунуч жаратууда.

Кечээ, 17-августта президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, кыргызстандыктарды табиятты, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү таза сактоого чакырды. Өлкө башчысынын айтымында, болгону бир километр аралыктагы жээктин ар бир метри таштандыга толуп калган. Эң өкүнүчтүүсү тартип бузгандар сырттан келгендер эмес, өз жарандарыбыз экенин белгилеп, кайрылууда негизги үч маселени көтөрдү:

- Таштанды көйгөйү - эс алуучулар жеринде өз таштандыларын жыйнабай, жаратылышты булгашууда.
- Эреженин бузулушу - автоунаалар менен көлгө чейин кирүү учурлары катталууда, бул мыйзамга каршы келет жана көлдүн экологиясына түздөн-түз зыян алып келүүдө.
- Келечек муун алдында жоопкерчилик - бүгүнкү күндө табиятты булгаган замандаштарыбыз анын кесепетин улам кийинки муун көрөөрүн түшүнбөй келишет.
Президенттин бул кайрылуусу менен көл жээгинде гана эмес бардык эс алуу аймактарында жарандардын тазалыкты сактоо маданиятын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

“Абдан өкүнүчтүү. Ысык-Көл бизге бүгүн эле керектей колдонобуз. Тартипсиздер менен баарлашып көрүп, 20-30, 40-50 жылдан кийин да урпактарыбызга таза табият керек деген нерсе бир дагы жараныбыздын оюна келбей турганын билип абдан өкүндүм. Жээктеги тартип бузган, таштанды таштаган, машина менен көлдүн ичине чейин кирип алган эс алуучулардын 100 пайызы өзүбүздүн жарандар экен. Урматтуу кыргызстандыктар, келгиле табиятыбызды таза сактайлы. Өзүңөрдүн таштандыны өзүңөр жыйнай кетсеңер колуңар сынып калбайт го акыры. Табият силерге бүгүн эле керектей колдонбогула да”, - деди президент.
Экологдордун жана коомдук уюмдардын сунуштарына ылайык, бул көйгөйдү чечүүнүн бир нече жолдору бар. Алар катуу көзөмөл жана айып пул системасын күчөтүү, жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу.
“Президент көңүлүбүздү бурган көрүнүш тилекке каршы жыл сайын кайталанууда. Эс алган жарандарыбыздын маданияты, аң сезими өтө төмөн болгондуктан ушул көрүнүштөрдү байкап келебиз. Элдин таштанды таштоо маданиятын көтөрүү үчүн көп иш-чараларды өткөрүп, коомду тарбиялап, эң болбоду дегенде айып пул салуу керек. Ал эми таштандысын жыйнап кетип үлгү көрсөткөн адамдарды сыйлоо зарыл. Табиятыбыздын кооздугун, тоолорубузду, Ысык-Көлдү сактап калуу багытында көп иштер аткарылышы керек. Таштандылар Ысык-Көлдүн экосистемасына, жалпы табиятка эбегейсиз терс таасирин тийгизет. Мисалы, желим баштыктар көп жылга чейин чирибейт, көлдүн бетине түшкөндө күндүн нурун тосуп, балырлар чирип, балыктарга чейин зыян болот. Унаалар менен көлдүн жээгине кирүүдө аба бузулуп, тамган күйүүчү май 50-60 жылга чейин көлдүн бетин жаап күндүн нурун өткөрбөшүн окумуштуулар айтышууда”,- дейт эколог Анара Султангазиева.

Белгилей кетсек, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегиясында “Пластиксиз Ысык-Көл” акциялары өткөрүлүп, 1800 гектар аянттан 1500 тонна таштанды чыгарылып, 614 км канал жана Ысык-Көл жээги тазалангандыгы маалымдалган.

Жаратылышка зыян келтирбестен өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн адистер туристтерди кабыл алууда сыйымдуулукту эске алыш керек экендиги айтылды.
“Эс алуу аймактарда таштанды маселесин чечпесек, өлкөгө туристтердин келүүсүнө, өлкөбүздүн аброюна да терс таасирин тийгизет. Чет элдик туристтерди кабыл алууда, эс алууларды уюштурууда адистер туристтерди кабыл алуу сыйымдуулугун эске алып, табиятка чоң күч келтирбеши керек. Жаратылышка күч келтирүү менен таштандыларды да таштасак жаратылышыбыз бат эле талкаланат”,- деди Султангазиева.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2024-жылдын 30-июлундагы мыйзамынын 115-беренеси менен белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөөгө төмөнкүдөй айып пул салуу каралган:
- Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу - эскертүүгө же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч (5 500 сом), юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч (17 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
- Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштоо, үйүп салуу - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч (7 500 сом), юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
- Таштандылдарды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч (7 500 сом), юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу – бул жөн гана билдирүү эмес, коомго жасалган олуттуу эскертүү жана чакырык. Анткени, табият – бул муундан-муунга өткөн аманат жана келечек урпактарыбызга өткөрүп берүүчү таберик. Бир гана Ысык-Көлдүн айланасы эмес, жалпы табиятыбыздын тагдыры ар бир жарандын жоопкерчилиги менен байланыштуу. Жаратылышка болгон мамилебизди өзгөртүп, аны сактасак өзүбүздүн ден соолугубуздан тартып, жалпы планетабызга чейин кам көргөн болобуз. Тескерисинче бүгүн жаратылышты жабыркатсак, эртең ал бизди жазалайт.