Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кураш (өзбек күрөшү) боюнча мелдештер жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Эл аралык күрөш ассоциациясынын өкүлү Жамшид Намозов билдирди.
Анын айтымында, мелдештин жүрүшү жана уюштуруу иштери бардык талаптарга ылайык өткөрүлүп, спортчулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлдү.
“Уюштуруу комитетине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Мелдештер жогорку деңгээлде уюштурулду. Бардык уюштуруу маселелери жогорку деңгээлде болду. Эл аралык күрөш ассоциациясынын атынан ыраазычылык билдиребиз”, — деди Намозов.
Ал белгилегендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы кураш боюнча мелдештерге 22 өлкөдөн балбандар катышты.
Бүгүнкү мелдештин жыйынтыгында Өзбекстандын балбаны Нумонжон Раджабов биринчи орунду ээледи. Экинчи орун Ирандын өкүлү, ал эми үчүнчү орунду Кыргызстандын балбаны Тилек Куралов жана Түркмөнстандын балбаны ээлешти.
“Балбандардын арасында дүйнө чемпиондору, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү бар. Бүгүнкү мелдеште башка спорт түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору жана Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү да катышып, мелдештин кадыр-баркын дагы жогорулатты”, — деди ал.
Намозов кураш акыркы жылдары кеңири өнүгүп, бул спорт түрүнө болгон кызыгуу артып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында гореш, кураш жана монгол бөх боюнча мелдештер өттү.