Жалган маалымат үчүн жаза күчөдү. Жаңы мыйзамдын күңгөй - тескейи

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, маалымат каражаттарында жана интернет тармагында жалган маалымат тараткандарга айып салуу боюнча жаңы укуктук механизмдер күчүнө кирди. Бул кадам мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти жана маалымат мейкиндигинде тактыкты камсыздоого багытталган.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 17.52.27.jpeg

Кол коюлган “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын негизги максаты маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, анык маалыматтарды алуу укугун камсыз кылуу.

Мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодекси жалган маалыматтарды таратууда жоопкерчиликти караган 1093-берене менен толуктады. Мында жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын, уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же коомдун, мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес маалыматтарды таратууда кылмыш жазасына тартуучу белгилери камтылбаса жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мында жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлүп, ал эми соттор аларды карайт.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков аталган мыйзам боюнча пикирин билдирип, журналисттердин көп жылдан бери сакталып келген принциптери, этикалык эрежелери соңку учурларда сакталбай калып жатканын айтты.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 17.39.48.jpeg

“Акыркы жылдары медиа чөйрөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, журналисттер менен катар блогерлер чыкты. Алардын аудиториясы айрым редакцияларга караганда көбүрөөк болуп, таасири да күчтүү болушу мүмкүн. Ошону менен бирге журналисттердин көп жылдардан бери сакталып келаткан принциптери, этикалык эрежелери сакталбай келатканын байкап жатабыз. Негизсиз маалымат же эки тараптуулуктукту сактабагандык, объективдүүлүктүн жоктугу жана башка кемчиликтер байкалууда. Менимче бул мыйзам ушундай көрүнүштөр менен күрөшүүгө багытталган. Канчалык деңгээлде мыйзам туура колдонулат бул башка кеп. Кандайдыр бир башка себептер менен мыйзамды шылтоо кылып, басым кыла турган курал катары колдонулбашы керек. Эгер чындап аша чаап, негизсиз бирөөнүн аброюна шек келтирген авторлорго карата колдонулган болсо, мыйзам максатына жеткен болот. Мыйзам кабыл алынгандан кийин аны аткарууга барыбыз милдеттүүбүз”,- дейт Дүйшөнбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин 10-февралда интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып пул салуу мыйзамы күчүнө кирген. Ага чейин журналисттерге “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземинде жалган маалымат 10 миңдеген адамдарды адаштырган курал болуп калышы ыктымал экенин президент өз сөзүндө белгилеген.

"Жалган маалымат коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып 10 миңдеген адамдарды адаштырган курал болуп калышы мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды окуяларды ылгап кабыл алууга үйрөтүшүбүз керек. Санарип доордо маалыматтар ыкчам жайылып, анын чын-бышыгын аныктоодо журналисттердин ролу жогору", - деген президент.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 17.42.17.jpeg

Азыркы санарип доордо маалымат таасир этүүчү күчкө ээ болгондуктан ар бир жаран маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болушу зарыл. Социалдык тармактарда, маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар объективдүү, чынчыл, коомду агартууга багытталган болуусу шарт. Бирок, жеке кызыкчылыкты, максатты көздөп жарандын же мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирип, коопсуздугуна коркунуч туудурган жалган маалыматтар кээде коомдо дүрбөлөң, кооптонуу же кастык мамилелерди жаратышы мүмкүн. Президенттин жарлыгы так ушул тобокелдиктерди азайтууга багытталган десек жаңылышпайбыз.

Мисалы, эпидемиологиялык абал тууралуу жалган маалымат жарандардын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн. Ал эми каржылык же банк системасы тууралуу жалган кептер ошол рынокто дүрбөлөң жаратышы ыктымал. Биздин коомдо акыркы учурларда көп байкалгандай, коомчулукка аты чыккан адамдар тууралуу анык эмес маалыматтар алардын кадыр-баркына шек келтирүүдө. Ошондуктан коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо, маалымат мейкиндигин иретке келтирүү жана жаңы коркунучтардын алдын алуу максатында жалган маалымат тараткандарга айып салуу каралган.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Канатбек Исаков маалымдагандай, туура маалымат алсак, туура ой жүгүртүү болот.

“Бүгүнкү күндө интернет мейкиндиги, социалдык тармактар туура маалыматтардын, ой-пикирлердин макамына гана ээ болбостон, жалган, фейк маалыматтарды жайылтуучу аянтчага айланууда. Фейк аккаунттар кандайдыр бир окуянын толкунунда терс, туура эмес көрүнүштөрдү жаратышат. Фейк маалыматтар терс жака бурмаланып, чагым уюштуруу, кырдаалды курчутуу маанайын жаратып жатканы маалым. Ушундай көрүнүштөргө чек коюу үчүн кодекске өзгөртүүлөрдүн кириши туура. Эгер кимдир бирөө тууралуу жалган маалымат чыкса, ошол маалыматты скриншот же көчүрүп алуу менен сактап, арыз менен ички иштер органдарына кайрылуу зарыл. Мисалы, 2025-жылдын 6 айында 10-февралда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, 28 кайрылуу болуп 140 миң сом айып пул салынган”, - дейт Исаков.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 11.27.57 (1).jpeg

Коомчулукта “Бул мыйзам сөз эркиндигине шек келтирбейби, сөз эркиндиги менен жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнүн чеги кайда?” деген суроо да жаралбай койгон жок. Журналисттер, блогерлер жана активисттер фактыларга таянуу, маалыматты так берүү жана жарандык жоопкерчиликти сактоо менен иш алып барса, мыйзам бузуу болбойт. Бир учурда сөз эркиндигин сактоо менен бирге жалган маалымат менен күрөшүү күчөйт.

Жыйынтыктап айтсак, президенттин аталган мыйзамга кол коюшу - Кыргызстандын маалымат мейкиндигин коргоо, жарандардын укуктарын сактоо жана коомдогу стабилдүүлүктү камсыз кылуу багытындагы олуттуу кадам болуп саналат. Бул ченем маалымат эркиндигин чектебестен, жоопкерчиликтүү жана коопсуз маалымат агымын камсыздоого шарт түзөт. Ар бир жаран маалымат таратууда анык фактыларга таянып, маалымат булагын ачыктоо менен коомго кандай таасир берерин эске алуусу зарыл. Демократиянын негизи - жоопкерчиликтүү маалымат таратуу.