Ысык-Көл, 03.09.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунан келген Камалбек Кулушов "Кабар" агенттигине Кыргызстандын жана Өзбекстандын курама командаларынын көкпар боюнча беттешинен алган таасири менен бөлүштү. Оюн Кыргызстан курамасынын 12:4 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Анын айтымында, оюн өткөн аренада атмосфера жогорку деңгээлде болуп, күйөрмандар командаларды кызуу колдошкон.
"Атмосфера абдан жакшы болду, оюн кызыктуу өттү. Элдин маанайы да, коноктордун маанайы да сонун. Өзбекстан жакшы ойноду, бирок Кыргызстан жеңишке жетти", — деди Кулушов.
Ал көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештерди көрүү үчүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтүнөн атайын келгенин белгиледи.
"Көк бөрүнү көргөнү атайын келдик. Кечээ Кырчынга барып келдик. Оюн абдан жакты, маанайыбыз сонун. Аксакалдардын да маанайы абдан жакшы", — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.