Жалал-Абадда жыл башынан бери 1,2 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Экономика 1289 23 Май 2025 09:00
zhalal-abad.png
500356993_1802786370588619_542614896452287668_n.jpg
500075390_1802786543921935_4917800409418689873_n.jpg
500252956_1802786810588575_3656219320816148427_n.jpg
500282674_1802786600588596_8736841284113519009_n.jpg
500285575_1802786467255276_8939006666150172496_n.jpg
500294257_1802786780588578_8970672914139310681_n.jpg
500309716_1802786680588588_9090409751136609666_n.jpg
500316328_1802786460588610_8786176014051830814_n.jpg
500384873_1802786837255239_2491226702350869261_n.jpg
500385258_1802786590588597_3295118254856355770_n.jpg
500408217_1802786727255250_3895970557657581512_n.jpg
500428494_1802786750588581_667695390268367197_n.jpg
500731117_1802786380588618_7013230714390807509_n.jpg
500739429_1802786550588601_6563836593050374709_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад облусунда ушул жылдын биринчи кварталында аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынды президенттин өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын, саламаттык сактоо, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Коллегияда жылдын биринчи кварталында Жалал-Абад облусунда кичи жана орто бизнес ишканалары жана калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү тарабынан 1 млрд 223 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөндүгү маалымдалды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 149,2 пайыздык өсүүнү камсыздаган.

Облуста республикалык бюджеттин планы 3396,2 млн сом болсо, иш жүзүндө 538,9 млн сомго көп аткарылып, өсүү темпи 198,8 пайызга жеткен. Ал эми жергиликтүү бюджеттин планы 727,9 млн сом болсо, 769,7 млн сомго аткарылып, өсүү ыргагы 105,7%га же 41,8 млн сомго көп аткарылган. Аймактарда жалпы 1228 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.