Жалал-Абадда медмекемелердеги өрт коопсуздугу көзөмөлгө алынууда

629 13 Март 2025 17:35
483698865_1750865702447353_443836852023916002_n.jpg
483748506_1750865675780689_1017060542498125886_n.jpg
483900514_1750865625780694_8548032552238428318_n.jpg
483938301_1750865639114026_8563713212315477820_n.jpg
484023775_1750865669114023_7225797365049182309_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен облус аймагындагы саламаттык сактоо мекемелериндеги өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облустук клиникалык ооруканасы, Г.Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борбору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттары каралды.

Текшерүү учурунда маалым болгон кемчиликтер айтылып, алдын алуу боюнча эскертүүлөр берилди.