Жалал-Абадда медиктерге ипотекадан үй алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Аймак 1680 08 Апрель 2025 16:25
489308218_1770541727146417_3759347291924795793_n.jpg
image.png
488892386_1770541780479745_6576226063205875344_n.jpg
488921861_1770541770479746_6121618096782145383_n.jpg
489304172_1770541873813069_5969225271679346175_n.jpg
489777007_1770541830479740_7437688805214138544_n.jpg
489887393_1770541817146408_8504979589648979861_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында иштеген медициналык кызматкерлерге ипотекалык үй алуунун шарттары түшүндүрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда облустагы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын кызматкерлери тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр, программага катышуу, кезектүүлүк, турак жай каржылоо багыттары тууралуу кенен маалыматтар берилди.

Ошол эле учурда дарыгерлер компания кызматкерлеринен өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, облус боюнча Жалал-Абад шаары, Сузак району жана Таш-Көмүр шаарында жалпы 11 миңге жакын ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Жыл ичинде миңден ашуун батир өз ээлерине тапшырылат.

Алар үлүштүк курулуш, социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотекалык багыттар боюнча кезектүүлүк менен бөлүштүрүлөт.