Жалал-Абадда курулуш иштери токтогон жокпу? Текебаевдин жообу

Аймак 14 октябрь 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-10-14 at 10.05.10.jpeg
706796.cbd50c9adb1fb9f9fae7880804df2de8.jpg
WhatsApp Image 2026-10-14 at 07.13.17.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-14 at 10.05.10.jpeg
706796.cbd50c9adb1fb9f9fae7880804df2de8.jpg
WhatsApp Image 2026-10-14 at 07.13.17.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 5 200 орундуу Спорт сарайынын жана жети кабаттуу оорукананын курулушу уланууда, ал эми филармониянын курулушу Спорт сарайына жакын жайгашкандыгына жана чыгымдардын көптүгүнө байланыштуу убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев "Кабар" маалымат агенттигине берген маегине билдирди.

Анын айтымында, облуста курулуш иштери былтыркы темпте жүрүп жатат. Филармониянын долбоору кайра каралып, ага жумшалуучу каражаттардын көлөмү такталууда.

"Жалал-Абад облусунда токтоп калган иштер, курулуштар болгон жок. 5 200 орундуу Спорт сарайы курулууда. Анын маңдайына жакын жайгашкандыктан филармониянын гана курулушу токтоп турат. Котлованы казылган. Андан тышкары, жети кабаттуу оорукананын курулушу башталып, жакынкы аралыкта аяктайт деп күтүлүүдө. Иш токтогон жок, былтыркы темп менен эле иштеп жатабыз", - деди Текебаев.

Ошондой эле ал курулуш объектилерин каржылоо жана ишке ашыруу маселелери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

"Азыр бардыгын Курулуш министрлигине өткөрүп бердик. Биз жерин бөлүп берип, курулушка көзөмөл жүргүзөбүз. Каражат маселесин министрлик өзү карап, курулуш иштерин да өзү жүргүзөт. Мен курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, көзөмөлдөп келем. Азырынча сапат жагынан маселе жарала элек", - деди ал.