Жалал-Абадда кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстары уюштурулат

1277 29 Январь 2025 16:13
WhatsApp Image 2025-01-29 at 14.00.34.jpeg
475793876_1720619328805324_5456644368493290665_n.jpg
475270598_1720619322138658_5166741672115008419_n.jpg
475321791_1720616512138939_2732214503656769824_n.jpg
475760731_1720619348805322_2102507487587665700_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды. Ал бул тууралуу облустун 2024-жылдагы жыйынтыгы, 2025-жылга коюлган пландарды караган коллегияда айтты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Текебаев облустун социалдык-экономикалык, туристтик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Сузак районундагы №36 кесиптик лиейинин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды.

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, 2025-жылы "Жалал-Абад эл аралык аэропортунун" курулушу башталды. Ошондуктан алдыдагы убакытта бул багыттагы адистерге болгон муктаждыктар жаралат", - деди ал.

Ошондой эле өкүл келген туристтерге жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүчү адистерди даярдоону эскертти.