Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнө оор операция ийгиликтүү жасалды

Аймак Жүктөлүүдө... 15 Апрель 2025 15:40
491381142_1775914866609103_3579584516368434686_n.jpg
491136571_1775915346609055_6067613763159009608_n.jpg
491232199_1775936819940241_8548332677363115329_n.jpg
Алдыга
Артка
491381142_1775914866609103_3579584516368434686_n.jpg
491136571_1775915346609055_6067613763159009608_n.jpg
491232199_1775936819940241_8548332677363115329_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Жалал-Абадда Ноокен районунун 34 жаштагы тургунунун жүрөгүнө оор операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Натыйжада бейтаптын жүрөгүнүн карынчасынын көңдөйүндө өлчөмү 6,5х10 см болгон шишик (миксома в полости правого желудочка) ийгиликтүү алынды. Аталган бейтаптын жүрөгүнүн оң карынчасынын дээрлик баарын шишик ээлеп калган.

Операция Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда Кыргызстан медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, КР эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор жана өлкөнүн башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов тарабынан жасалды.

Кардиохирург бул операция анын кырк жылдык эмгек тажрыйбасында жана дүйнөлүк практикада сейрек кездешээрин белгиледи. Аталган бейтаптын азыркы абалы жакшы жана ооруканадан чыгарууга даярдалып жатканын айтты.

Калдарбек Абдраманов жүрөк ооруларынан жабыркаган түштүк аймагында 12 миңдей улгайган адам жана 4 миңге жакын балдар бар экенин айтып, 75 орундуу аталган илимий борбордо жылына 400гө жакын операция жасалаарын кошумчалады.