Эне жана баланы коргоо борборунда жаңы диагностикалык ыкмалар колдонулууда

Ден соолук 2932 30 Март 2026 12:00
ca5ec377-0493-401e-a3a4-8797fab9834d.jpg
3178a1f5-b5d8-4d1a-8c94-7224fd084728.jpg
d530ed35-e305-43cf-a2a9-609b381fe11b.jpg
Алдыга
Артка
ca5ec377-0493-401e-a3a4-8797fab9834d.jpg
3178a1f5-b5d8-4d1a-8c94-7224fd084728.jpg
d530ed35-e305-43cf-a2a9-609b381fe11b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жогорку технологиялык заманбап диагностикалык ыкмалар колдонулууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кезектеги эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин катышуусунда жүргүзүлдү.

Эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө — бул эндоскопия менен ультраүндүн мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган жогорку маалыматтуулукка ээ ыкма. Бул технология ашказан-ичеги жолун жана айланасындагы ткандардын абалын тыкыр баалоого, ошондой эле жаңы пайда болгон түзүлүштөрдү эрте стадиясында аныктоого мүмкүндүк берет. Бул онкологиялык ооруларды өз убагында аныктоодо өзгөчө мааниге ээ.

Министрликтен белгилешкендей, 53 жаштагы бейтапты текшерүү учурунда кызыл өңгөчүнөн былжыр катмар алдындагы шишик аныкталды. Изилдөө анын кистоздук, залалсыз мүнөзгө ээ экенин көрсөтүп, коркунуч жаратпай турганы аныкталып, онкологиялык патология четтетилди.

Бейтапка дарыгерлер тарабынан динамикалык көзөмөл сунушталды. Зарыл болгон учурда хирургиялык кесүүсүз аз инвазивдүү эндоскопиялык жол менен алып салуу мүмкүнчүлүгү каралат.