Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда бийиктиги 122 метрге жеткен көпүрө курулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев "Кабар" подкастта билдирди.
Анын айтымында, көпүрө Көк-Арт дарыясына курулуп, анын бийиктиги 43 кабаттуу үйдүн бийиктигине барабар.
"Курулушка байланыштуу алынган 94 үйдүн 87си бошотулду. Үй ээлерине көз карандысыз адистердин баалоосунун негизинде кенемте төлөнгөн. Учурда калган жети үйдү бошотуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп деди ал.