Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Пекин шаарына барган. Мамлекеттик сапардын алкагында президентти коштоп барган делегациянын курамына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев да кирген. «Кабар» агенттиги бул ирет Тилек Текебаев менен маек куруп, Кытайга болгон сапардын алкагында жетишилген кызматташуулар, быйыл Жалал-Абадда өтө турган Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар жана облус аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маек курду.

- Саламатсызбы? Жакында эле мамлекеттик сапардын алкагында Кытайга барып келгениңиздер белгилүү. Кытай-Кыргызстан кызматташтыгы, анын ичинде Жалал-Абад облусундагы биргелешкен долбоорлорго токтолсоңуз?
- Саламатчылык. Кытай менен Кыргызстан тынчтыкта жана достукта жашаган жакшы коңшулар, бири-бирине ачык жана чынчыл мамиле кылган улуу достор жана стратегиялык кызматташууну көздөгөн ишенимдүү өнөктөштөр. Тышкы экономикалык байланыштар жаатында биз Кытайды негизги өнөктөшүбүз деп эсептейбиз жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, аны диверсификациялоого, өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз. Кытай мамлекети облустун эле эмес, жалпы Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экени белгилүү.

Сиз айткан мамлекеттик сапар абдан жемиштүү болуп, көптөгөн эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Мен эми Жалал-Абад облусу боюнча кыргыз-кытай алакасынын алкагында аткарылып жаткан ири долбоорлорго токтолсом. Былтыр Жалал-Абад облусу менен Кытайдын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 127 млн 752 миң долларды түздү. Анын ичинде экспорт 48 млн 631 миң долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 104,2% жеткен. Импорт 79 млн 121 миң долларды түзүп, өсүү темпи 107,3%га камсыздалды. Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,3% түздү. Облустан негизинен рудалар, асыл таштар, концентраттар, пахта буласы экспорттолду.
Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында 14төн ашык биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Тоо-кен тармагында Чаткал районунда алтын өндүрүүчү мамлекеттик "Кичи-Чаарат" компаниясы, Ала-Бука районунда алтын өндүрүүчү “Фулл Голд Майнинг” ишканасы жана Ноокен районунда чийки муйнай өндүрүүчү 10 кыргыз-кытай ишканалары иштеп жатат.
Өндүрүш тармагында жаңыдан түзүлгөн кыргыз-кытай нефтини кайра иштетүүчү “ОРИС НПЗ” ишканасы 2024-жылдын 30-августунда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылды. Ал жылына 30 миӊ тонна нефтини кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ага 255 млн сом инвестиция жумшалган. Учурда 31 адам иш алып барып, завод толук кандуу иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жолдорубузду курууда жана оңдоодо колдонуу үчүн керектүү чийки зат менен камсыздоо жана даяр битум продукциясын сатууга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле министрлер кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 747-тескемесине ылайык, министрлер кабинети менен Кытайлык China Construction Fifth Engineering Division Corp., Itd ишканасынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарында соода-логистикалык комплексин куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Жалпы инвестициянын көлөмү 57 млн долларды түзөт. Азыр курулуш иштери башталды.
Муну менен катар, кытайлык Qinji компаниясы менен Жалал-Абад шаарында жылына 10 миң даана өндүрүштүк кубаттуулуктагы авто унаа чогултуучу завод жана атайын жабдууларды куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Инвестициянын көлөмү 1 млрд 100 млн сомду түзөт. Учурда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 40 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бөлүнүп берилди.
Кара-Көл шаарында кытай инвесторлору менен биргеликте цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалай кетким келет.
Мындан сырткары, узундугу 433 километрди түзгөн альтернативдик Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунун курулушунун I, II фазаларын ишке ашыруу боюнча курулуш иштери жүрүүдө. Анын ичинен 202 километри Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу өтөт. Башкы подрядчы Кытайдын "Чайна Роуд" корпорациясы.

-Кылым долбоору аталган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна Жалал-Абад облусунда старт берилбедиби. Мына ушул долбоор тууралуу сурагым келип турат. Аталган долбоорго Жалал-Абаддын катышуусу тууралуу айтып берсеңиз?
-Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору боюнча баса белгилеп кетүүчү жагдай, бул ири темир жол долбоорундагы каттамдын белгилүү бир участогу биздин Жалал-Абад облусу аркылуу өтүп, Өзбекстандын аймагына кирип кетет. Мындан улам аталган темир жол өткөн аймактын жанына эл аралык аэропорттун курулуш иштерин баштоо алдында турабыз. Ал үчүн 385 гектар жер аянты бөлүндү. Аймакта өнүккөн транспорт системасынын болушу логистика борборлорунун ыкчам өсүүсүнө, эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарттар түзүлөт деп ишенемин.
- Быйыл Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору болуп жарыяланды. Бул эски Жибек жолунун алкагында кабыл алынганы маалым. Буга карата кандай иштер жасалат?
-Жалал-Абад облусу Кыргызстандагы кооз жаратылышы жана бай тарыхы менен белгилүү туристтик аймактардын бири болуп саналат. Облустун аймагы туристтер үчүн табигый кооздугу, уникалдуу тарыхый жайлары жана маданий мурастары менен айырмаланып турат. Ошол эле учурда рекреациялык туристтик объектилерге жана тарыхый-архитектуралык эстеликтерге бай аймак болгондуктан, президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн башчыларынын жыйынында, 2025-жылы Жалал-Абадды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоону сунуштаган.

Ага ылайык, 2024-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун туризм министрлеринин IX жолугушуусу өтүп, “Жалал-Абад-Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору” деп жарыяланды.
Облустун аймагында туризмдин дараметин жогорулатуу жана чет элдик туристтердин санын көбөйтүү максатында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 2025-жылдын 30-январындагы №19-буйругу менен иш-чаралар планы бекитилип, аткарууга алынган.
Тактап айтсам, Чаткал району Жалал-Абад облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү чоӊ аймактардын бири болгондуктан, 11-февралда “Кышкы оюндар” фестивалы уюштурулду. Анда 50 орундуу 5 глэмпинг конок үйлөрү жеӊил конструкциядан курулуп, туристтер үчүн жагымдуу аймакка айлантуу боюнча кадам ташталды.
2025-жылда Чаткал районунда Ак-Таш айылынын Беш-Салаа тилкесине тоо лыжа базасын куруу үчүн мастер план иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Ошондой эле Аксы районунда туристтик локацияларды иштеп чыгуу максатында туристтик жайларга изилдөө иштерин жүргүзүүгө, “Балтыркан-2025” Аксы жашыл өрөөнү аталышындагы туристтик фестивалын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Ал эми “Жалал-Абад-Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору” деп жарыялангандыгын даңазалоо үчүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кино күнүн белгилөө, Базар-Коргон районунда “Жангак Фест” , Токтогул районунда “Эс алуу-2025”, “Бал” туристтик фестивалдарын өткөрүү мерчемделүүдө.

Муну менен бирге туристтерге ыӊгайлуу шарттарды түзүү үчүн Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата айыл аймагында 6 чакан туристтик эс алуу жайларын, Аксы районунда 5 чакан глэмпинг конок үйлөрүн, Чаткал районундагы “Ыдырыс Ата” тарыхый-маданий зыярат кылуу жайына 5 даана жана Коргон-Сай айылына 3 даана А-фрейм тибиндеги конок үйлөрү, Жалал-Абад санаториясына 2 даана А-фрейм тибиндеги жеӊил жатак үйлөрдүн имараттарын куруу жана ачык асман астында минералдык дарылануучу бассейн куруу боюнча иш аракеттер жүрүүдө. Тогуз-Торо районунда “Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркына замандын талабына ылайык виртуалдуу 3D форматында петроглифтерди көрүүнү уюштуруу мерчемделген.

Туристтик жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча да бир топ иштер жасалып жатканын белгилеп кетким келет. Туристтерге тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында кесиптик билим берүү лицейлеринде тийиштүү тейлөө-кызматкерлерин (официант-бармен) 72 сааттык кыска мөөнөттүү курстарды 2025-жылдын март айынан баштап ачып, окутулуп даярдалат.
- Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк майрамы быйыл Жалал-Абадда өтөөрү маалымдалган. Бул салтанатка карата даярдыктар башталса керек?
- Эгемендүүлүктүн 34 жылдык мааракесин Жалал-Абад облусунда өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы ыйгарым укуктуу өкүлдүн тескемесине ылайык түзүлдү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги менен салтанаттуу маданий-иш чаранын сценарийлерин макулдашуу боюнча биргеликте иш алып барып жатабыз.
Белгилей кетчү жагдай, Эгемендүүлүк күнүнө карата облустун аймагында объекттилерди пайдаланууга берүүнү көздөп жатабыз.
Тактап айтканда, Таш-Көмүр шаарындагы ири цемент заводун, Сузак районунда аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын, Чаткал районундагы “Кичи-Чаарат” ЖАКтын концентрат бөлүп чыгаруучу фабриканын жана Чаткалдагы алтын ылгоочу фабриканын ачылыш аземи өткөрүлөт. Ошондой эле облустук перинаталдык борбордун, Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун , 700 окуучуга эсептелген Жалал-Абад шаарындагы №14 мектептин жаңы имараттарынын, Жалал-Абад шаарындагы Бокс академиясынын ачылыш аземдеринин өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Муну менен катар Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине тапшыруу пландалууда.
Маектешкен Диана Айдарова, "Кабар" маалымат агенттиги