Жалал-Абад облусунун башчысы ЮНИСЕФтин өкүлү менен жолугушту

Аймак 13 март 2025 09:00
483527735_1750223115844945_6514069108125088284_n.jpg
483545650_1750223179178272_207952296745808930_n.jpg
483606224_1750223199178270_1508489204273568617_n.jpg
483992699_1750223112511612_5293340968621181739_n.jpg
484010559_1750223209178269_3183943818412767064_n.jpg
484027825_1750223265844930_5436260156519447732_n.jpg
483486414_1750223159178274_2608533447617020373_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында балдар укуктарынын сакталышы, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, ымыркайлардын өлүмүн болтурбоо, кош бойлуу энелердин билимин жогорулатуу жана төрөткө чейинки даярдыктар боюнча маалымдуулугун жогорулатуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Облус башчысы Тилек Текебаев аймактагы балдарды колдоо жана коргоо багытындагы кызматташтык аракеттерин жакшыртууга кызыктар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФ эл аралык уюму Жалал-Абад облусунун аймагында 2010-жылдан баштап, энелердин жана балдардын ден соолугун жакшыртуу, билим сапатын өнүктүрүү багытында аткарып келе жаткан жумуштарга токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл тармактын ишин жакшыртуу менен энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, зордук-зомбулуктарды болтурбоо боюнча системалуу иш жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.