Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык 18 февраль 2025 09:37
Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда саат 04:26да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак, Бек-Абад, Жийде, Күмүш-Азиз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.