Жалал-Абад облусунда жаңы ишканалардын саны өстү

Аймак 13 октябрь 2026 18:02
Жалал-Абад облусунда жаңы ишканалардын саны өстү
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2025-жылы 2 827 чарбалык субъект ачылып, 5 244 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 604 ишканага көп. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев "Кабар" подкастта билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 8 айында облуста 2 707 ишкана ачылып, 4 417 жумуш орду түзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 813 ишканага көп.

“Бул сандарды жана ишканалар ачылып, шарттар түзүлүп жатканын көрүп сүйүнөсүң. 2025-жылы инвестиция тартуу боюнча Жалал-Абад облусу биринчи орунга чыкты”, - деди ал.

Ал эми муну Текебаев аймакта өткөрүлүп жаткан форумдар, инвесторлор менен болгон тыгыз мамиле жана ишкерлерге көрсөтүлгөн колдоо менен байланыштырды.