Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери жашайт

Аймак 16 апрель 2025 17:07
Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери жашайт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери жашайт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алар Базар-Коргон районунун 100 жаштагы тургуну Мурза Далиев, Ноокен районунун 99 жаштагы тургуну Ормон Дадажанов жана Сузак районунун 101 жаштагы тургуну Мамасалы Жумаевдер.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында бир концлагердин туткуну, Аксы районунда 1, Базар-Коргон районунда 3, Ноокен районунда 1 ооруктун ардагерлери жашап келет.