Жалал-Абад облусунда 5 кг гашиш менен чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 6 октябрь 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-10-06 at 10.24.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-06 at 10.24.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-06 at 10.24.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-06 at 10.24.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-06 at 10.24.44.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРдан Өзбекстанга баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.

2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде КР- ӨР Мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.