Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жеке менчикке мыйзамсыз өткөн 12 гектарга жакын жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат жүргүзгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Аксы райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы мамлекетке кайтарылган жердин баасы 2 млрд сомдон ашык.
Сузак районундагы мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен, «Жума базары» базары, жалпы пайдалануудагы жерлерге тиешелүү 1,65 га жер тилкеси менен, ал жерде менчик ээлери тиешелүү инфраструктурасы жок соода жайларын стихиялуу соодагерлерге ижарага беришкен, бул жергиликтүү тургундардын тыгынына жана нааразычылыгына алып келген. Учурда бул жер тилкеге жергиликтүү бийлик органдары тарабынан заманбап муниципалдык базардын курулушу башталды;
Базар-Коргон районунда 2,8 гектар жер тилкеси менен чарбалар аралык курулуш уюмунун жана 1,8 гектар жер тилкеси менен "Бабур" кооперативинин имараттары жана курулуштары жеке менчикке мыйзамсыз өткөн. Мамлекеттик ипотекалык компания программасы боюнча аталган жер тилкелерине үйлөрдүн курулушу башталды.
Ала-Бука районунда 1,3 гектар жер тилкеси менен оңдоо-техникалык ишкананын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөн. Көрсөтүлгөн жерге Чек ара кызматынын аскер бөлүгүн куруу пландалууда.
Аксы районунда Автотранспорт ишканасынын аймагы 2 га жер тилкеси, Кербен шаардык мэриясынын гараждары 1,4 га жер тилкеси, питомник 1 га жер тилкеси. Ошондой эле Кербен стадионунун аймагынан жеке турак-жай жана коммерциялык объекттерди куруу үчүн мыйзамсыз берилген 0,2 гектар жер тилкелери кайтарылды. Учурда бул жерде ФИФАнын стандарттары боюнча заманбап футболдук стадион үчүн курулуш иштери жүрүп жатат.
Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун аймагындагы 1,5 гектар жер. Көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүш ишканаларын куруу пландаштырылууда.