Жалал-Абад облусу Кырчындагы ордосун даярдап жатат — Кабар

Жалал-Абад облусу Кырчындагы ордосун даярдап жатат

Көчмөндөр оюндары-2026 28 август 2026 17:15
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.08.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.08.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.08.35.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.08.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.08.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.08.35.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосундагы ордосун даярдап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Салиева билдирди.

Анын айтымында, учурда облустун ордосуна 15 боз үй тигилип, аларды жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

“Даярдыктарыбыз жакшы. 15 боз үй тигилүүдө. Алардын үчөө конкурстук боз үй катары жасалгаланат. 2-сентябрда облустун ордосу расмий ачылат.
Мындан тышкары, облустун өкүлдөрү ар кандай кароо-сынактарга катышат. Алардын арасында кол өнөрчүлөр жана ашпозчулар бар. Ошондой эле этнобазарда концерттик программа тартууланып, эки сааттык маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Маданий конкурстарга да катышалы деп турабыз. Учурда маданият кызматкерлери жана элдик таланттар жигердүү даярданып жаткан учур”, - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосунда өзүнчө аймакта Кыргызстандын жети облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын боз үй шаарчалары жайгашат. Белгиленген тартипке ылайык, ар бир облус жана шаар 15тен боз үй тигет.