Ташкент, 06.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1–5-март күндөрү аралыгында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Өзбекстандын 9 миң 361 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алардын көпчүлүгү — 8 миң 114 адам Сауд Аравиясынан туруктуу жана кошумча чартердик каттамдар аркылуу алып келинген. Бириккен Араб Эмираттарынан 1 миң 192 жаран, Ирандан 23, Бахрейнден 25 жана Омандан 7 адам кайтарылды.
Министрлик жарандарды мекенине алып келүү иштери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Учурда эвакуация жарандык авиация үчүн аба каттамдары ачык болгон өлкөлөрдөн жүргүзүлүүдө. Аймактагы башка мамлекеттерде да аба каттамдары ачылган сайын жарандарды кайтаруу улантылат.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды сабырдуулук сактоого, дүрбөлөңгө алдырбоого жана жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырды. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар менен Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тараткан расмий маалыматтарга гана ишенүү сунушталды.