Жакынкы Чыгыштагы жаңжал азык-түлүк тартыштыгына алып келиши мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 05 Март 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-03-05 at 09.45.43.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам Дубайдан учкан авиакаттамдардын токтотулушу алтын жана күмүштүн дүйнөлүк жеткирүүлөрүн үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып, Интерфакс билдирди.

Дубай — алтын соодасы боюнча дүйнөдөгү негизги борборлордун бири. Өткөн жылы дүйнөлүк алтын жеткирүүлөрүнүн 20%ы дал ушул шаар аркылуу өткөн. Буга Африкадан БАЭге кайра иштетүү үчүн келген металлдар жана Европадан Азияга транзит менен жөнөтүлгөн партиялар кирет.

Аналитиктердин айтымында, бул үзгүлтүктөр Азия базарларында баанын өсүшүнө жана туруксуздукка алып келет. Өзгөчө Индияда алтындын баасы кескин жогорулады, анткени Дубай бул өлкө үчүн негизги транзиттик чекит болуп саналат. Учурда Перс булуңунан учкан саналуу гана учактарда алтын эмес, тез бузулуучу жүктөргө артыкчылык берилүүдө.

Мындан тышкары, Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсү чектелип, аймак импорттук азык-түлүктөн обочолонуп калды. Бул Перс булуңундагы өлкөлөрдө, өзгөчө Иранда товарлардын тартыштыгын жаратышы мүмкүн.

Өткөн жылы бул аймакка 30 млн тонна дан импорттолсо, анын 14 млн тоннасы Иранга таандык. Бул жүктөрдүн негизги бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.

Сауд Аравиясы дандын 40%ын, ал эми БАЭ сырьенун 90%ын Дубайдагы Жабаль-Али порту аркылуу алат. Бул порт 45–50 млн адамды (БАЭ, Сауд Аравия, Бахрейн жана Катар) камсыздайт.

Учурда Йемен, Судан жана Сомали сыяктуу өлкөлөрдө да баалардын өсүшү күтүлүүдө. Иран бийлиги калкты камсыздоо үчүн азык-түлүк экспортуна толук тыюу салды. Учурда өлкөдө 4 айга жете турган (4 млн тонна) буудай резерви бар экени кабарланды.Ал эми бул запас болжол менен төрт айга жетет.