Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизди. Туроператорлор Перс булуңундагы өлкөлөргө турлардын сатылышы азайып, суроо-талап башка багыттарга ооп жатканын белгилешүүдө.
Туристтик компаниянын негиздөөчүсү Талант Озокеев "Кабар" агенттигине билдиргендей, кырдаалга байланыштуу көптөгөн туристтер учуудан кооптонуп калышты. Айрыкча Перс булуңундагы Бириккен Араб Эмираттары, Катар жана Кувейтке баруудан чочулагандар көбөйдү. Анын айтымында, учурда бул багыттар боюнча турлардын сатылышы толугу менен токтотулган.
Туркомпаниялар алдын ала пландалган сапарларды альтернативдүү багыттарга же Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү — Вьетнам, Таиланд жана Хайнань аралына которууга аракет кылышууда. Ошол эле учурда Египетке болгон суроо-талап да азайды. Мунун себеби — бул өлкө Израилге жакын жайгашкандыктан, айрым туристтер бул аймакка учуудан кооптонушууда.
Бул кырдаал турлардын баасына да таасир этти. Озокеевдин айтымында, Египет жана Түркия сапарына баалар арзандады, ал эми Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым багыттарына, тескерисинче, баалар өсүүдө.
Туроператорлордун айтымында, Жакынкы Чыгышка болгон туристтик сапарлар жакынкы сезон ичинде дээрлик токтоп калышы ыктымал. Андыктан суроо-талап негизинен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, айрыкча Вьетнамга ооп жатат.